Темалар боюнча жаңылыктар: жөлөк пул
Жаңылыктар
Кыргызстанда жаңы жылдан тарта айрым жөлөк пулдар жана пенсиялар көбөйтүлөт
Президент Садыр Жапаров айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган жарлыкка кол койду. Өзгөртүү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
09:13, 22.10.2026Эми «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун тиркеме аркылуу тариздөөгө болот
Мындан ары наристе төрөлгөндөн кийин ата-энелер «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун тариздөө үчүн Калкты тейлөө борборуна барып отуруунун кажети жок. 4 000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн арызды түз эле смартфон аркылуу берүүгө болот.
16:07, 15.10.2026Үй-бүлөлөрдү үйү же унаасы бар болгон үчүн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунан ажыратпоо сунушталды
Кыргызстанда 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулуна муктаж болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо тартибине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
15:34, 07.10.2026Кичинекей кыргызстандыктарга «Бала ырысы» жөлөк пулу боюнча 285,6 млн сом багытталды
Кечээ, 10-сентябрда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүн каржылоо жүргүзүлдү. Аталган жөлөк пул төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейинки балдарга берилет.
11:02, 11.09.2026Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына кеткен чыгымдарын төлөп берүү сунушталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн ай сайын компенсация төлөөнү сунуштоодо.
12:01, 02.09.2026«Бала ырысы» жөлөк пулун төлөө үчүн июль айында 200 млн сомдон ашык каражат багытталды
Июль айынан тарта дээрлик эки жүз миңдей кыргызстандык наристе ай сайын мамлекеттик төлөмдөрдү алышууда. Белгилүү болгондой, аталган жөлөкпул үч жашка чейинки балдарды колдоо максатында каралган.
13:32, 06.08.2026Кыргызстанда «Бала Береке» депозиттик эсебин ишке киргизүү сунушталды
Министрлер кабинети «Бала Береке» мамлекеттик балдар депозити жөнүндөгү жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
15:06, 27.07.2026Эмнеге айрым кыргызстандыктарга «Бала ырысы» жөлөк пулун берүүдөн баш тартышууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыз берүүдө баш тартуунун негизги себептерин түшүндүрдү.
14:41, 07.07.2026«Бала ырысы» жөлөк пулу алгач эки мамлекеттик банк аркылуу төлөнөт
Кыргызстанда жаңы «Бала ырысы» жөлөк пулун берүү башталат: башында каражаттар эки мамлекеттик банк аркылуу берилет, ал эми кийин дагы 13 коммерциялык банк кошулат.
13:52, 06.07.2026«Бала ырысы» жөлөк пулуна бир сутка ичинде 14 миңге жакын арыз катталды
Кечээ, 1-июлдан тарта Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдарга багытталган жаңы мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыз берүү башталды.
13:07, 02.07.2026Кыргызстандыктарга «Бала ырысы» жөлөк пулун кантип алуу керектиги түшүндүрүлүүдө
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча үч жашка чейинки балдарга арналган «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо жана алуу маселелери боюнча калк арасында активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
09:41, 25.06.2026«Бала ырысы» жөлөк пулун кантип алуу керек: жол-жобо
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу тартибин түшүндүрдү.
09:40, 18.06.2026Кыргызстанда балдарга төлөнүүчү жөлөк пулдар: төлөмдөр боюнча гид
Мамлекет балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул түрүндө бир катар колдоолорду көрсөтүп келет. 2026-жылы кыргызстандыктар ымыркай төрөлгөндө бир жолку төлөмдү да, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды да ала алышат. Мындан тышкары, июль айында үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жаңы төлөм киргизилет.
16:07, 03.06.2026Балдар үчүн жаңы жөлөк пул - «Бала ырысына» кантип арыз берүү керек
Кыргызстанда 1-июлдан тарта «Бала ырысы» жаңы жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды. Аны жарандар онлайн түрүндө жасай алышат.
12:02, 02.06.2026Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду кимдер алат
Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду 29 миңге жакын адам алат. Мамлекеттен жардамды үчүнчү жана андан кийинки 3 жашка чейинки балдарга ала алышат.
13:01, 19.05.2026Кыргызстанда ата-энелерге ар бир бала үчүн жөлөкпул төлөнөт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты
10:47, 05.05.2026Кимге берет жана кимден баш тартат: «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттары өзгөрдү
Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөр үчүн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо эрежелери кайра каралды.
14:09, 23.04.2026Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттары катаалданат
Жөлөкпулдар кайра каралууда: эми кимге көбүрөөк төлөнүп баштайт жана ким мамлекеттен алган колдоосун жоготушу мүмкүн? Кыргызстанда эрежелерди катаалдаштыруу жана төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталууда.
12:03, 07.04.2026Кыргызстанда балдардын жакырчылык деңгээлин 3 жашка чейинки төлөм аркылуу азайтууну көздөп жатышат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
14:26, 26.03.2026Кыргызстанда эми үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул берилет
Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган «Бала ырысы» деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
13:17, 06.03.20262025-жылы канча бөбөк «балага сүйүнчү» алган
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ымыркай төрөлгөндө берилүүчү бир жолку жөлөкпулдун саны тууралуу маалымат берди.
15:07, 27.02.2026Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын аныктоо тартиби жаңыланат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
11:02, 26.02.2026Кыргызстанда 2026-жылдын январынан тарта бийик тоолуу аймактардын тургундарына жөлөк пул берилет
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан министрликтин Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жөлөкпулдун жаңы түрү – «Бийик толуу аймактардын жашоочуларына көмөк» боюнча окутуу өткөрүлдү.
10:44, 24.12.2025Минкаб көп балалуу энелерге «Бала Береке» жөлөк пулун берүүнү бекитти
КРнын Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» жөлөкпулун берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу токтомго кол койду.
14:35, 08.10.20252025-жылы дээрлик 366 млн сом «Балага сүйүнчү» төлөндү
2025-жылдын башынан тартып 91 188 балага «Балага сүйүнчү» төлөндү.
14:19, 08.09.2025Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү жөлөк пул киргизилет
2026-жылдын 1-январынан тарта бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет.
10:48, 08.09.2025